www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва менен Санкт-Петербургда полиция кызматкерлери мобилизацияга каршы акциянын катышуучуларын кармашты.
ОВД-Инфонун маалыматына ылайык, Москва убактысы боюнча саат 19.00гө карата Москвада 300дөн ашуун, Санкт-Петербургда 100дөн ашуун адам кармалган. Полиция жарандарды акция башталаары белгиленген убакытка чейин эле кармап баштаган.
Москвада Чистые пруда аймагында элди кармашты.
Ал эми, Санкт-Петербургда жарандар Садовая көчөсүндө жүргөндөр кармалды. Атайын кызматтын адамдары таяктарды жана электрошокерлерди колдонду.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, мобилизация жарыяланган күнкү - 21-сентябрдагы митингдерге караганда бул акцияларда адам азыраак.
Нааразылык акциялары бүгүн Орусиянын башка шаарларында да өтүүдө. ОВД-Инфонун маалыматына таянсак, Москва убактысы боюнча саат 17.30да өлкөдө 700дөй кармалган. Алардын көбү Москва, Санкт-Петербург жана Новосибирск шаарларында болуп, 70 адам кармалган.
Орусияда 21-сентябрдагы нааразылык акцияларынан кийин миңден ашуун адам кармалды. Кармалган жаштардын көбүнө аскер комиссариаттарына чакыруу кагаздары тапшырылды.
Что происходит на Чистых прудах сейчас?
— SOTA (@Sota_Vision) September 24, 2022
Задержания, задержания, задержания.
📹: SOTA pic.twitter.com/20VQUKGIez
Булак: NazarNews.kg