www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтонго Кариб кризисин эскертип, АКШны чечкиндүү аскердик-стратегиялык артыкчылыкка умтулуп жатат деп айыптады.
Дипломаттын айтымында, АКШ Кариб кризиси учурундагыдай эле Орусиянын кооптонуусун эске алгысы келбейт.
"Максат бир эле – АКШ үчүн кандай гана жол менен болбосун дүйнөлүк үстөмдүктү камсыз кылуу", - деди Рябков.
Тышкы иштер министринин орун басары Вашингтондун негизги проблемасы "башка мамлекеттердин өздөрүнүн турмуштук таламдарын коргоо укугун таанууга патологиялык каалабагандыгы" деп кошумчалады.
"Ошого ылайык, Кариб кризисине окшоштук 1960-жылдардын башында да, азыр да Вашингтон биздин өлкөнүн коопсуздугуна тикелей коркунучтарга байланыштуу мыйзамдуу кооптонуусун эске алууну маанилүү деп эсептебейт", - деп жыйынтыктады дипломат.
Эске салсак, 7-октябрда АКШнын президенти Джо Байден дүйнөгө "ядролук Армагеддон" коркунучу бар экенин жарыялады. Саясатчы мындай мүмкүнчүлүк Кариб кризисинен бери биринчи жолу пайда болгонун белгилеп, кырдаал азыркы жол менен өнүгө берсе, коркунуч реалдуу болоорун баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg