www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Украинага жөнөткөн 75 миңден көп аскери мерт кетти же жарадар болду. Мындай маалымат менен 27-июлда америкалык конгрессмен, демократтардын өкүлү Элисса Слоткин CNN каналынын эфиринде бөлүштү. Мыйзам чыгаруучу анын алдында президент Жо Байден администрациясынын расмий өкүлдөрү менен купуя маалымат берилген жыйынга катышкан.

Слоткин орус тараптын жоготуулары эбегейсиз, аскерлери чарчап-чаалыккан деп айтты.

Орусия армиядагы жоготууларын тынч мезгилде деле мамлекеттик сыр катары ачыкка чыгарбайт. Москва мартта 1351 аскери согушта мерт кеткенин билдирген. Андан бери үн ката элек. Жакында АКШнын Борбордук чалгын кызматы (CIA) украин жергесиндеги салгылашууларда оркусиялык 15 миң аскер өлтүрүлгөнүн болжолдогон.

Бир нече күн мурун Украинадан кайтып келген конгрессмендин айтымында, алдыдагы 3-6 жума уруштун нугу үчүн өтө маанилүү болмокчу.

Ушу тапта украин куралдуу күчтөрү түштүктөгү стартегиялык Херсон шаарын кайтарып алуу үчүн контрчабуулга өткөнү жатат. Согушка чейин 290 миң киши жашаган шаар толук масштабдуу агрессиянын алгачкы күндөрүндө орус армиясынын колуна өткөн.

Британиянын Коргоо министрлиги 28-июлдагы бюллетенинде Херсонду кайтаруу операциясы күчөп жатканын билдирди.

Шаарды алуу менен Украина Кара деңиздин жээгиндеги айрым жерлерди көзөмөлдөп калмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости