www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамак-аштан массалык ууланууларды алдын алуу максатында соода түйүндөрүндө, базарларда, супермаркеттерде жана башкаларда рейддик текшерүүлөр жүрүп жатканын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Бүгүн Бишкек шаарында Ош базарынын аймагындагы соода түйүндөрүндө көчмө текшерүү жүргүзүлүп, ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген кондитердик азыктар, ошондой эле аларды сактоо шарттары текшерилүүдө. Бузуулар аныкталган учурда «Бузуулар жөнүндө» мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын кызматкерлери тарабынан жеке ишкерлерге, администраторлорго жана аткаруучуларга мыйзам бузуу протоколу түзүлүп, 17 миң сомдон 23 миң сомго чейин мыйзам бузуу боюнча токтом чыгарылган.

Массалык ууланууну болтурбоо үчүн, ден соолугуңузга кам көрүү,
Жарандардан тез бузулуучу, кремдүү кондитердик азыктарды стихиялуу соода жайларында, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен жерлерден, ошондой эле сактоо шарттарын сактабаган соода объектилеринде (муздаткычтын сыртында) сатып албоону суранабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости