www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан курулуш жана инфраструктуралык иштер менен жеринен таанышты.

Алгач шаар башчысы Жумабаев жана 101-көчөлөрүндө жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшүн текшерип, курулушту 5-августка чейин толук бүтүрүү тапшырмасын берди.

Андан соң борбордук көчөгө альтернатива катары курулуп жаткан 111-көчөдөгү иштердин сапаты бааланды.

Мындан тышкары, Жибек-Жолу аймагында орнотулуп жаткан 364 жаңы электр мамычасынын монтаждоо иштери көзөмөлдөндү.

Ошондой эле жаңы курулуп жаткан сквердин абалы каралып, эс алуу жайы жашылдандырылып, шаар тургундары үчүн заманбап шарттар менен жабдылары белгиленди.

Белгиленгендей, аталган иштердин басымдуу бөлүгү элдик жыйындарда көтөрүлгөн маселелердин негизинде ишке ашырылууда.

Последние новости