www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 12-сентябрда саат 8:00дөн 24:00гө чейин Ош-Эркештам унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Чектөө Алай районунда 11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда өтө турган Алымбек датканын 225 жылдыгына карата коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.

Мындан тышкары, Гүлчө айылынын борбордук Алымбек датка, Үмөталиев жана Досматов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

РИИБ айдоочуларды тыгындарды болтурбоо үчүн алдын ала каттамды пландап, жол эрежесин так сактоого чакырды.

Последние новости