www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мэриясына атайын унаалар жана 100 даана автобус тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэриясына оор техникалардын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 100 даана автобус Ош шаарынын мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилди. Автобустар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташууда коомдук транспорт жетишсиз болуп келген, жаңы алынган автобустар маселени жөнгө салууга өбөлгө түзөт. Жаңы автобустар 25 орунга ылайыкталган, сыйымдуулугу 56 адам.

Ошондой эле, шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясынын Жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар тапшырылды.

Мындан тышкары жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров унаалардын ачкычтарын тапшырып жатып, өзгөчө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн, Министрлер Кабинети Кыргызстанда коомдук автоунаа маселесин чечүүнүн үстүндө ар дайым иш алып бараанын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости