www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүм башчысы Айбек Жумагулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Патрулчулардын нааразычылыгынан кийин түзүлгөн комиссиянын чечими менен 92 кызмат адамы ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Тактап айтканда, экөө ички иштер органдарынан бошотулуп, бешөө кыскартуу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, 11и Жол кайгуул кызматынын башка бөлүмдөрүнө которулган.

Айбек Жумагулов башка кызматка которулуп, учурда ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын мониторинг борборунда бөлүм башчы.

Эске салсак, 28-июль күнү Ош шаарында кайгуул кызматкерлер өз жетекчисине каршы акцияга чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости