www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Ош–Ноокат унаа жолунун сапатына байланыштуу жарыяланган видеоматериалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери көчмө лаборатория менен жеринде текшерүү жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош–Ноокат унаа жолунун Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүндөгү 3-4-чакырымында (Ош багыты боюнча) бир катар кемчиликтер аныкталды. Асфальт-бетон жабындысынын сапаты текшерилип, лабораториялык сыноо үчүн керн үлгүлөрү алынды.
Жыйынтыгында башкы подрядчы — “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына (ДЭУ-21) карата акт түзүлүп, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга 3 күндүк мөөнөт белгиленди.