www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда жазгы суур жана ондатрларды эсепке алуу (санак) иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында аймакта 8 миңден ашуун суур жана 20 баш ондатр катталды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, санак Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан белгиленген маршруттар боюнча жүргүзүлдү.
Адистер талаа байкоолорун өткөрүп, жапайы жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалы боюнча маалыматтарды чогултушту.
Санактын жыйынтыгында жапайы жаныбарлар арасында жугуштуу оорулардын белгилери аныкталган эмес.
Ошондой эле иш-чара аңчылык чарбаларын пайдалануучулар, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик коруктардын жана жаратылыш парктарынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулганы белгиленди.