www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дээрлик эки жылга жакын убакыттан бери Ош облусун башкарып келе жаткан Зиядин Жамалдиновдун башына кара булут айлана баштады. 

Анын бул аралыкта өз көмөчүнө күл тарткан жоруктары кызуу талкууга алынып жатат. Маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да көтөрүлүп, Жамалдинов кыска мезгилде эле Ош облусунан жүздөгөн гектар жерлерди өзүнүн бир туугандарына каттатып алганы парламентте айтылды. Ал түгүл анын кызматтык ишмердүүлүгүн текшерүү керектиги дагы козголду. 

Айтор, үзөңгүдөн буту таяаары ачык көрүнүп, Жамалдинов жакынкы аралыкта иштен алынып, ал гана эмес кылмыш иши козголуп, камалып калышы мүмкүн болуп турат. 

Учурда, анын ордуна ким келет деген маселенин айланасында сөз жүрүп жатат. Буга байланыштуу Ош облусунун губернаторунун орун басары Данияр Жаныкуловду эле дайындап коюшса жаңылыш болбойт эле дегендер бар. Себеби, иштин көзүн билет, көйгөйлөр менен тааныш. Элге да алымдуу. Эгер сырттан алып келишсе, анан ал иш менен тааныш болгончо бир-эки жыл убакыт өтүп кетет. Андыктан, алыстан издебестен маселени түшүнгөн адамды койгон оң болмок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости