www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22-декабрь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Зордук-зомбулуксуз жашоо " аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага РИИБдин жетекчилиги, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты.

Максаты жаштарга үй-бүлөдөгү баалуулуктарды, адеп-ахлакты маалымдап, бири-бирине болгон сый-урматты калыптандыруу болуп эсептелет.


Иш-чаранын соңунда зомбулуктун алдын алууга активдүү катышкан мамлекеттик кызматкерлерге жана иш-чаранын катышуучуларына РИИБ тарабынан даярдалган сыйлыктар тапшырылды.



Белгилей кетсек мындай алдын алуу иш аракеттери облус аймагындагы ар бир райондо жүргүзүлүүдө.