www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында ушул эле күнү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен 1993-жылы туулган Х. уулу С. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алдын ала алынган маалымат боюнча маркум Э.М. жана кылмышка шектүү Х.уулу С. автоунаа жолун талашып уруша кетишкендиги маалым болду.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.