www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын инспекторлору шаардык Ветеринардык башкармалык менен биргеликте тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мониторингдин жүрүшүндө сүт жана сүт азыктарынын сапаты текшерилип, тиешелүү лабораториялык жана санитардык талаптарга жооп берүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп бербеген 25 литр сүт аныкталып, санитардык-ветеринардык эрежелерге ылайык жок кылынды.

Бул иш-чара калктын саламаттыгын коргоо, сапатсыз жана кооптуу азык-түлүктөрдүн жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү кызматтар азык-түлүк сатуу жайларында жана өндүрүш объектилеринде көзөмөл иштерин мындан ары да улантарын билдирет.

 

Последние новости