www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра, Эл аралык эмгек миграциясына көмөктөшүү ассоциациясынын президенти Елена Дёмина,  “Южный” миграция борборунун башкы директору Аким Черников жана Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту.

Жолугушууда Ош шаары менен Санкт-Петербуг шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, санариптик кызматтар, билим берүү, саламаттык сактоо, маданий тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти. 

Ошондой эле 2024-жылдын июнь айында Санкт-Петербург шаарынын делегациясынын Ош шаарына болгон сапарынын жыйынтыгында "Коопсуз шаар" чечимдерин киргизүү, санариптик сервистерди өнүктүрүү жана IT-кадрларды даярдоо боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу тууралу макулдашууларды ишке ашырууда токтоп калган иштерди кайрадан улантуу маселеси каралды. 

Тараптар негизинен эмгек миграциясына байланыштуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилешип, маалымат алмашууну жакшыртуу жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Последние новости