www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында баңгизат саткан кыргыз жана өзбек жарандары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 18-августта Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “М” аттуу жаран ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бар экендиги жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.

"Ош шаарындагы мейманканалардын биринин алдында 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана 1979-жылы туулган Өзбекстандын А.Н. аттуу жараны кармалып, аларга тинтүү жүргүзүү учуруда кара пакеттин ичинен афган өндүрүшүндөгү "гашиш" (чарс) баңгизаты табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат афган өндүрүшүндөгү 1 кг 36 гр салмактагы “гашиш” баңгизат каражаты экендиги аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесиндеги ("Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо") кылмышбелгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости