www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө жоокер каза болду

Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө бир жоокер каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Аскер бөлүктүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17-август күнү таңкы саат 5тер чамасында жоокер М.у. Басып баратып жыгылып, ордунан турбай калган А. Жанында турган жоокерлер аны посттон 20-30 метр алыстыкта ​​жайгашкан аскер бөлүктүн медициналык пунктуна алып барышкан. Бирок, жоокер өзүнө келбей каза болгон.

Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Насиров каза болгон жоокерди алгачкы текшерүүдө анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылбаганын, экспертизага анын атасы катышканын билдирди. Болжолу, жоокер жүрөк оорусунан каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде коомчулукка жарыяланат.

Бөлүктүн командиринин айтымында, маркум жоокердин кызмат мөөнөтү аякташына бир ай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости