www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Тээке айылында 100 орундуу «Бал дүйнө» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземи бүгүн, 25-сентябрда өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, ата-энелер жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Тээке айылында мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес. Айыл тургундары балдарын бала бакчага берүү үчүн шаарга алып барууга аргасыз болушкан. Мүмкүнчүлүгү чектелген айрым балдар болсо бала бакчага бара алышкан эмес.
Ачылыш аземинде мэр Жанарбек Акаев жаңы бала бакчанын ишке кириши менен жергиликтүү тургундарды куттуктады. Ал бала бакчалардын сырткы көрүнүшүнө да көңүл буруп, имараттарды түстүү боёктор менен кооздоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, бул балдар үчүн жагымдуу жана кызыктуу чөйрө түзүүгө өбөлгө болот.
Мындан тышкары, мэр шаардагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экенин айтты. Ал Жалал-Абад облусунда өткөн аптада катталган мектеп рэкетчилиги боюнча окуяны мисал келтирип, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакырды.
«Балдардын коопсуздугу — башкы милдет. Мектеп рэкетчилигине жол бербөө үчүн шаарда алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек», — деди Жанарбек Акаев.