www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго карата төрт кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча төрт кылмыш иши козголду.

«Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иштер Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри болуп турган мезгилде козголгон. Учурда иш тергелип жатат. Кылмыш иши боюнча мэрден тышкары мэриянын башка кызматкерлери да айыпталууда. Мамбетовдун Ош шаарындагы ишмердүүлүгүнө тиешеси жок», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Башкы прокурор Зулушев 15-сентябрда Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Алмаз Мамбетовго карата төрт иш козголгонун айткан.

Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости