www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев каргашалуу унаа кырсыгы боюнча расмий жооп берди.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн социалдык тармактарда байма-бай тарап менин атыма жабылган каргашалуу унаа кырсыгы боюнча расмий жооп берип коюну чечтим.
15-март түнкү 21:00 чамасында Жалал-Абад шааарынын Р.Азимов көчөсүндө жол-транспорт кырсыгынан эки жаш баланы сүзүп кетип, окуя болгон жерде бири жан берген.
«BMW» үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурсултан аттуу баланын атына катталган.
Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып 15-майга (эки айга) чейин убактылуучу кармоочу жайга киргизилген. Бул боюнча атайын органдар тарабынан расмий маалыматтар да берилген. Ошондой эле мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз!
Кырсык каш-кабактын ортосунда дейт. Наристенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Ата-энесине жана жакындарына сабыр тилейм. Экинчиси батыраак сакайып катарыбызга кошулсун. Жакшылыктарда көрүшөлү! - деген Ош шаарынын мэри билдирүүсүндө.