www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында дагы бир добуш сатып алуу фактысы катталды

Ош шаарында дагы бир добуш сатып алуу аракети катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

10-апрелде Ош милициясына Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө бир партиянын   үгүтөөчүлөрү тарабынан добуш сатып алууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча чогултулган иш кагаздары 192-берененин 1-бөлүиүндө каралган кылмыш белгилери менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Тергөө учурунда Ош шаарынын Кара-Суу  көчөсүнүн 1944-жылы туулган Д.С. аттуу жаран күбө катары суралган.

Анын айтуусуна караганда, 10-апрелде Ош шаарынын Кара-Суу  көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн башчысы, 1962-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран өзүнө жолугуп, 1000 сом акча берип, бюллетендеги турган бир партияга шайлашы керектигин айткан.

Ал алган акчасын тергөө кызматкерлерине кайтарып берген.

Ал эми домком Ж.Р. чынында саясий партиянын үгүттөөчүсү экендигин, бирок жаранга 1000 сом акча бербегендигин айткан.

Азыркы учурда Жазык кодексинин 192-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып,  тергөө аракеттери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости