www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында дагы көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Даректери

Бүгүндөн тарта Ош шаарында Өзгөн жана Алай райондорунун көмүрү арзан сатыла баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка караганда, эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн беш техника бөлүнгөн.

"Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында жети жерге көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөн көмүрүнүн тоннасы 3 000 сом, Алайдыкы 4 000 сом деп бекитилди. Базарга салыштырмалуу төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот", — деп айтылат маалыматта.

Арзан көмүр сатуучу жайлардын дареги:

  • Туран аймактык башкармалыгы, Дача участкасы, Нагорная көчөсү, 1;
  • Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, Курманжан датка көчөсү, "Ош-Ойл" май куюучу бекетинин маңдайы;
  • Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, Черемушка кичи району, Муминов көчөсү, Араван тракт, 218-квартал;
  • Манас-Ата аймактык башкармалыгы, Жаштар көчөсү, 49;
  • Амир-Темир аймактык башкармалыгы, Целинная көчөсү, милиция бөлүмүнүн жанында;
  • Курманжан датка аймактык башкармалыгы, Ташкент көчөсү, 56;
  • Жапалак аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо айылы, Каримов көчөсү.

Эске салсак, буга чейин Ош облусунда дагы арзан көмүр сатыла баштаганы айтылып, даректери жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости