www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында көчмө зоопарк ачылды

Ош шаарына алгачкы жолу Азиядан жана Европадан жаныбарлар жана канаттуулар алынып келинди. Көчмө зоопарктын келиши шаар тургундарына жагымдуу жаңылык болду. Жаныбарларды кол менен кармап көрүүгө да мүмкүнчүлүк болгондуктан, алардын илдети адамга  жукпашы үчүн ар бир 4 ай сайын эмдөөдөн өткөрүп турушат.

Зоопарктагы жаныбарлардын арасында дүйнө жүзүндөгү эң сулуу делген бразза мартышкасы жана тоту куштардын түрлөрү бар.

Аталган  демилгени 22 жаштагы жаш ишкер Тилек Досумбеков колго алган. Ал буга чейин,  Орусиянын  жана Казакстандын аймактарында  мындай саамалыктарды уюштуруп келген.

Бул саамалыктын максаты жөнүндө демилгечи Тилек Досумбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:

-Биз жаныбарларды Орусиядан алып келдик, ал жакта жаныбарларды чогултуучу жай бар. Жаныбарларга жооп беребиз деп келишим түздүк. Көчмө зоопаркты алып келүүнүн максаты -  жаш жеткинчектердин дүйнө таанымынын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Маалыматка ылайык, көчмө зоопарк Ош шаарында декабрь айына чейин болот, андан соң Кыргызстандын башка аймактарында да элге көргөзүлмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости