www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-октябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев саламаттык сактоо мекемелерине бериле баштаган жылуулук системасын текшерип чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, от казандарды текшерүү учурунда Ош шаардык төрөт стационарынын жана облустук төрөт үйүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүп, жылуулук үзгүлтүксүз берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, Ош шаардык төрөт стоционарында учурда 116 жаңы төрөлгөн ымыркай бар. Ал эми облустук төрөт үйүндө 145 ымыркай бар.

"Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Беделбай Кыдырбердиевдин айтымында, ар бир саламаттык сактоо мекемелеринин отказандарынын кызматкерлери тийиштүү окуудардан өтүп, керектүү жабдыктар менен толук кандуу камсыздалган.

Ош шаарына жылуулук берүүгө жылуулук камсыздоо ишканасы менен ЖЭБ даяр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости