www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган жолугушууда эки облустун пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү Эл аралык донордук уюмдардын/каржылык институттардын өкүлдөрү менен өз ара пикир алышып, тажрыйба алмашышты.

Иш-чараны уюштуруунун негизги максаты - өлкөбүздүн түштүк тарабында туруктуу пахта өндүрүү кластерин тузүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, пахта өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү каржы булактарын сунуштоо жана пахта өндүрүүчүлөр менен каржы институттарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого багытталган.

Аталган иш-чара пахта өндүрүүчүлөр ассоциация өкүлдөрүнүн сунушу менен Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости