www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдагы Ош окуясы кайрадан териштирилип жатат. Доцент Мехмет Улуташ котормосунда Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китеби түрк тилинде чыкты. Кыргыз тилинде да эл таанысын деп кыргызча да котормосун берип жатабыз:


«Ал аңгыча шаардын ичинде дагы бир жерде (шаардын ичин жакшы билбегендиктен кай жер экенин айта албайм), “атыш башталды, бирин-бири союп жатышат” деген кабар келди. Эскилиги жетип араң жүргөн БТР га аскерлер менен бирге олтуруп, А.Келдибеков, К.Ташиев, Ж.Саматов болуп, окуя болуп жаткан жерге жетип бардык. Жетип токтогондо эле БТР өчүп калды. Же эшиктери ачылбайт. Ичинде камалган бойдон калдык.

Атылган октор БТР дин сыртына тийип жатты. Сырттан Жыргал Саматов чуркап келип, БТР дын эшигин буту менен тепкилеп жатып, араң ачты. Эптеп эшигин ачып сыртка чыксак, тегеректеги үйлөрдүн баарын өрт каптап, күйүп жатыптыр. Атышуулар катуу эле болуп жаткан экен. Бир маалда эле кыргыз жигиттин бутуна ок тийип, жыгылып түштү. Согуштун башы башка жакка кетип баратканын ошондо сездим. Ал жигитти ошол жердегилер ооруканага алып жөнөштү.

Эл селдей болуп, жалын менен кошо чуркап бара жаткандай туюлду. Колдон келишинче, элди тынчтандырганга аракет кылдык. Эки сааттан кийин ызы-чуу бир паска басылгандай болду. Кайра келип, губернатор Сооронбай Жээнбековдун кабинетинде кеңешип олтурдук. Саат 15:30 дар чамасында, “Жалал-Абадда согуш башталды. «Сампа» заводунун жанында өзбектер ары-бери өткөн машиналарды тосуп алып, аткылап жатышат, он чакты адам каза болду” деген суук кабар келди. Камчыбек Ташиев, Жыргал Саматов үчөөбүз ал жакка шаша жөнөп кеттик. Жолду карай,“ Кыргызстан эмне болот” деп чочулап бара жаттым.

Бул жакта дагы элдин башында туруп тынчтыкка, ынтымакка чакырган бир чиновник жок экен. К.Ташиевдин бул жерде эки элдин кагылышуусунун уланып кетпешине салымы чоң болду. Өзү жалгыз барып, өзбек калкы жыш жайгашкан районго кирип сүйлөшүп келип, эки элдин толкундоосун баса алды. Эртеси Акматбек Келдибеков келди. Ошентип, түштүктө үч күн октун, оттун арасында жүрүп, Убактылуу өкмөттүн бир да кишисин көрө алган жокпуз.

Убактылуу өкмөтпүз деп Ак үйдү ээлеп, бийлик дегенде ичкен ашын жерге коюп чуркаган саясатчылардын бири да көрүнбөйт. Эл башына күн түшкөндө баары житип-житип, дайны жок жашынып калышыптыр. Эл өзү менен өзү болуп калган экен. Өрттөлгөн үйлөр. Бейкүнөө өлгөн адамдардын өрттөлүп, ар жерде жаткан сөөктөрү. Кан жуткан эл. Боздогон энелер. Ушунун баарын өз көзүбүз менен көрүп туруп, «Эх, шайлоо деген шайтан, эмне гана кылган жоксуң» деген ойго келдик. Анткени, балээнин баары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн К.Батыров менен саясий соодалашуусунан келип чыгып жатпайбы. Менимче, бул күндөрдү тарых өзү таразалайт. Бул кандуу окуяда көбү аппак периште болуп жатышат. Мейли, тарых таразасынан качып кутулушсун, бирок кудайдын таразасынан качып кутула алышпайт.

Кийин Ош окуясы боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын отчётун угуп жаткан мезгилде, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов ,“бомба жарам” деп олтуруп эле жарбай калган. Себебин, “Алтынбек Сулайманов бомбага суу куюп жиберди” деп түшүндүргөн эле.

Көрсө, ал бомбасы мындайча экен. Ош окуясы башталып кетээри менен Алмазбек Атамбаев ошол мезгилдеги Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кабинетине чакырып, «Ушундай учурдан пайдаланып, Азимбек Бекназаровду аттырып салбайлыбы? Бакиевдерге шылтоолоп коёбуз. Эл ишенип кала берет», - дейт. Бектур Асанов макул болбой коёт. Ошентип, Азикенин да көрөөр күнү, ичээр суусу бар экен.

“Эл кырылып, энелер кан жутуп, жаштар өлүп жатса, саясаттагы оппонентинен кутула коюштун амалын издеген, кандай адам өзү” деп, жакабызды кармадык. Элдин эсинде болсо керек. Ош окуясы болордон бир ай мурда Азимбек Бекназаров экөө кадр маселеси боюнча катуу урушуп кетишкен эле. Интернет булактарында телефондук сүйлөшүүлөрү турат. Аттырып салалы дегенине, менимче, ошол тирешүүлөрү себеп болсо керек деп ойлойм. Бирок, ошондой болсо дагы, адам баласы мындай кадамга барбаш керек эле.


16-июнь күнү Бишкекке учуп кеттик. Ок тийип, жарадар болгон балдар биз менен самолётто бирге учушту. Кансырап жаткан мекендештерибизди көрүп, заманам тарып бара жатты. Канча бир бийиктикте учуп баратып, өмүр менен күрөшкөн картинаны мен жеткире албайм. Эч кимиси көз жумбай, ооруканага жетип алса деп тилек кылдым. Бишкектин “Манас” аэропортуна келгенде, “үйдө баатыр, жоодо жок“ болуп жүргөн чиновниктерди ошол жерден көрдүк. Жарадар болуп келе жаткан балдарды, тез жардам чакырып салып берип, ооруканага жөнөтүштүн ордуна, ошол эле жерден сурак кылабыз деп башташты. Ок жеп, жаны кейип, араң келе жаткан балдар кантип сурак берет деп ойлошкон да жок окшойт. Урушуп жатып, араң дегенде ооруканага жөнөттүрдүк.


Түз эле Республикалык штабка келип, гуманитардык жардам чогулта баштадык. Ушул жерден кыргыз элинин биримдигине ыраазычылыгыбызды билдирип коюшубуз керек. Заматта КамАЗ, КамАЗ гумжардамдар чогулуп калды. Бир ай бою түштүккө тынымсыз дары- дармек, тамак- аш, кийим-кечек жөнөтүп турдук. Мына ушуларды эстегенде өрттүн жалынында алсыз болуп, кан жутуп турган элиме аз да болсо, жардам бериптирмин» деп калам.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн пикирлери бир жерден чыкпады. Ар кимиси шайлоочулардын добуштарын алып берүүчү күчтөрдү өз тарабына тарта башташты. Ал мезгилде Кадыржан Батыров баарына керек болуп турган эле. Анткени, түштүктө шайлоочулардын 30 пайызы өзбек улутундагы жарандарыбыз экени баарыбызга маалым эмеспи.

Атамбаев СДПК партиясына добуш алып берүүсүн суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ал үчүн Кадыржан Батыровдун каалаганына макул деп турду. Ал тургай Кадыржан Батыровдун «Ош облусун Өзбек автономиялуу облусу кылып, мени башчы кыласың» дегенине дагы «макул» деп жиберди. Экинчи тараптан “Ата Мекен” партиясы К.Батыровду өз тарабына тартыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышты.

Ошентип, Кадыржан Батыров өзүнүн авторитеттүү адам экенин сезип түштүккө барып, карапайым өзбек туугандарды чогултуп жыйын өткөрүп, “Мына, жыйырма жылдан бери күткөн максатыбызга жеттик. Биз менен эсептешпей коё алышпайт. Баланча деген өзбек жигитти тиги жерге зам кылып койдук. Түкүнчө деген өзбек жигитти бул жерге сам кылып койдук” деп карапайым элдин духун көтөрүп кетти.

Ушул мезгилде Мелис Мырзакматов Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кат жөнөтүп: “Абал курчуп баратат. Тезинен чара көрбөсөңөр болбойт”, - деп жакшы эле чырылдады. Бирок Убактылуу өкмөт: “Сен Бакиевдин кадрысың”, - деп, Мелис менен иштешүүдөн баш тартты. Эгер ошол мезгилде дароо чара көрүлгөндө,Оштогу кандуу июнь кагылышы балким, болбой калат беле?


Карапайым эл Батыровдун айткандарына ишенип, чын эле бизге бийлик келген экен деп, 2010-жылдын 10-июнь түнү түштүктө улут аралык жаңжал башталышына чок салды.

Садыр Жапаров. "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ"

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости