www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ызы-чуусу бүтпөгөн ОшМУ интернетке дагы чыгып, коррупциянын бети ачылды. ОшМУ студенттердин саны жагынан Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда биринчи орунда турганы менен билим берүүнүн сапаты жагынан арткы орунда калган. Мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов ОшМУда диплом кандай сатыларын, экзамен, зачеттер кандай бүтөрүн саймедиреп Назира Айтбековага айтып берген эмеспи.

Сооронбай Жээнбеков тууганчылык протекция менен чоңойтуп, жакшы иштеп жаткан раматылык К.Исаковду министр кыла коюп, ректорлук орунду бошотуп, Кудайберди Кожобековду алып келген. Ошондон бери ОшМУ огобетер артка кетти, коррупция көбөйдү, билимдин сапаты түштү. Илимий чөйрөдө аты-жыты жок К.Кожобеков иштебей эле эптеп илимий даража алуунун камын көрүп, профессор Келдибай Алымкулов менен “соодалашып”, бир топ убактысын өткөрдү.

Шайлоодо мыйзамсыз иштерди жасап, мурдагы министр Болот Купешов ортого түшүп, чок кармап (бекер кармамак беле?) өзү садага чабылып кете берди. Азыркы реформатор министр Алмазбек Бейшеналиевди “Пакистанга бирге барганда катуу сыйлаган” деп айтышат. МГУнун филиалын да жөндөп иштете албай, жүдөп жатыптыр. “Крышасы” канчалык күчтүү болгон күндө да ОшМУну артка тарткан, протекция менен чоңойгон, коррупционер ушундай ректорду кармап туруштун зарылдыгы барбы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости