www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскерде бирге кызмат өтөгөндөрүн аткан Рамиль Шамсутдинов аны зордуктамакчы болгонунан улам ушул жолго барганын айтып берди.
Айтымында, ал эч күнөөсү жок эки жоокерди атканына өкүнөт, калган жоокерлерди өлтүргөнүнө эч өкүнбөйт. Антпесе өзү зордукталмакчы болгонун билдирүүдө.
«Мага чейин башка баардык жаңы келгендерди зордукташкан, ошол кечте менин кезегим келмек. Менин башка аргам калган жок. Кимге даттанасың? Күлкү келет. Жөн эле айта турганга эч ким жок. Кимге билдиришим керек эле, эгер мени офицерлердин өздөрү уруп жатышса? Качып кетүүнү дагы ойлондум, бирок туш тараптын баарысы бек. Ошондо мен эмне кылышым керек эле?», — дейт Шамсутдинов.
Шамсудинов жоокердик милдетин жаңыдан аткарууга келген учурда уюулдук телефонун уурдатып жиберген. Анткен менен кээде бөлөк бирөөнүн телефонуна сим-картасын салып ата-энеси менен байланышып турган. Бирок, айланасында болуп жаткан нерселерди аларга айта алган эмес. Даттануу жоокерлердин, деги эле эркек аттууга туура келбейт.
Эске сала кетсек, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер Рамиль Шамсутдинов өзү менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди жана офицерлерди, жалпысынан сегиз адамды атып өлтүргөн.
Булак: NazarNews.kg