www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында жарандардын автоунааларын оозеки келишим менен алып, акчасын төлөбөстөн башка адамдарга сатып жүргөн 1994-жылы туулган Т.У. аттуу Араван районунун тургуну кармалды.

Маалыматка ылайык, шектүү автоунаалардын акысын бөлүп төлөп берүүгө убада кылып, ишенимге кирген соң аларды арзан баада башка адамдарга сатып жиберген. Ошондой эле ал электр скутерин да ушундай жол менен алган.

Бул жарандан жабыркагандардын саны 10 адамга жетти.

Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Ош милициясы жарандарды автоунаа жана башка мүлктү сатып алууда оозеки келишимге ишенбей, бардык документтерди расмий тариздөөгө чакырды.

Последние новости