www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 124 млн сомго жаңы мектеп курулуп жатат

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында Т. Назаров атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы баасы 124 миллион сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, мектеп 150 окуучуга ылайыкталып, жалпы аянты 1 630 чарчы метрди түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залдан турат.

Ошондой эле мектептин аймагында кичи футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулат.

Объекттин курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Учурда лифт орнотуу, жылытуу жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.

Последние новости