www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Институтунун мониторингинен кийин Ош шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда атайын мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топ мониторингдин жыйынтыгында аныкталган Ош шаарындагы документи жок жүргөн балдардын укугун коргоо жана алардын документтештирүү ишин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Акыйкатчынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматкерлери март-апрель айларында окуучулардын укуктарынын сакталышын текшерүү максатында үч шаардык мектепте мониторинг жүргүзүшкөн.
Мониторингдин жыйынтыгында 382 окуучунун туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок экендиги аныкталган. Алардын ичинен 187 бала М. Турсунзаде атындагы №13 мектепте, 112 бала Х. Тажиматов атындагы №57 мектепте, дагы 83 бала «ВЛКСМ» мектебинде окушат.
Алардын ичинен 92 окуучу 9-классты аяктап жаткандыктан, өздүгүн тастыктаган документтери жок болгондугуна байланыштуу негизги жалпы билим тууралуу күбөлүк ала албай калуу коркунучу бар болчу.
Мониторингдин жүрүшүндө Билим берүү министрлиги документи жок окуучуларга убактылуу шарттуу персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ыйгарып, автоматташтырылган маалыматтык тутумга (АИС) каттаганы белгилүү болду.
Документтердин жоктугу балдардын конституциялык укугун чектеп, алардын билим алуу, социалдык камсыздоо жана башка мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоол болот.
Мектеп администрацияларынын маалыматы боюнча, бул көйгөй жергиликтүү бийлик органдарына бир нече жолу кайрылууларга карабай, көп жылдардан бери чечилбей келет.
Мугалимдердин айтымында, ата-энелердин кээ бирлеринин өздөрүнүн паспорттору жок, же аялдар үйдөн төрөп, төрөт үйүнөн медициналык справка алышкан эмес.
Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы институту Ош шаардык мэриясына, ошондой эле КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө документтештирүү маселесин тез арада чечүү жана балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүү боюнча сунуштарды жөнөттү.
Майда жумушчу топ Ош шаарынын конуштарында балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Институттун кызматкерлери ата-энелер менен жолугушуу учурунда укуктук кеңеш берип, ар бир баланы өз укуктарын коргоо үчүн документтештирүүнүн зарылдыгын түшүндүрүп беришти.
Жумушчу топтун ишинин натыйжасында 98 окуучу АИСке катталды. Алардын айрымдары биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышса, башкалары жоголгон документтерин калыбына келтиришти.
Жумушчу топ калган балдарды документтештирүү процессин улантат.