www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы Моминов көчөсү, 1 дарегинде курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имараты кайрадан текшерүүдөн өткөрүлдү.

Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды.

Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолор орнотулбаганы аныкталып, бул жакын жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына жана айланадагы адамдарга коркунуч жаратышы мүмкүн экени белгиленди.

Буга чейин да аталган объект боюнча башкармалык тарабынан эскертүүлөр берилип, мыйзам талаптарын сактоо боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.

Бирок 25-августтагы кайра текшерүүдө берилген эскертүүлөргө карабастан курулуш иштеринин улантылып жатканы аныкталган.

Жыйынтыгында объекттин ээси болгон «Teco» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар белгиленген талаптарга ылайык толук жоюлбаган учурда компаниянын курулуш иштерин жүргүзүүгө берилген лицензиясын жокко чыгаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.

Последние новости