www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто «Ак-Кайың» курулуш компаниясына айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы кайрылуулардын негизинде шаардагы объектте текшерүү жүргүздү, деп билдирди 7-апрелде Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы.

Сөз болуп жаткан 16 кабаттуу турак үй комплекси Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан.

Текшерүү учурунда коопсуздук техникасынын талаптарынын бузулушу, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги, ошондой эле жумушчулар үчүн шарттардын ылайыксыздыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен «Ак-Кайың» ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Последние новости