www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош-Кара-Суу унаа жолунда суу түтүгү жеңил унаанын үстүнө кулап кеткен факт боюнча жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча 144-берененин (коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголгон. Алай районунун 47 жаштагы тургуну бир айга убактылуу кармоочу жайга камалды.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адам Daewoo Nexia унаасында каза болгон жарандарга жана жаракат алып алсыз абалда болгон жабырлануучуларды көрүп, билип туруп, аларга жардам берүүдөн баш тарткан. Жабырлануучулардын өмүрү жана ден соолугу коркунуч абалда экенин билгени менен өзүн сактап калуу максатында окуя болгон жерден кетип калган.
Эске сала кетсек, 12-августта Нариман айылында көпүрөнүн астынан өтүп бара жаткан жүк ташуучу унаа суу түтүгүнө тийип кеткен. Ал Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаага кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү (атасы менен баласы) ошол жерден каза болушкан. Ар кандай жаракаттарды алган дагы үч жүргүнчү Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилди.
Булак: NazarNews.kg