www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто бала бакчанын кызматкери кармалды

Ош шаарында бала бакчага кирүү үчүн акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына арыз менен Ош шаарынын тургуну кайрылып, 2024-жылдын июль айында кызын Ош шаарындагы балдар бакчасына киргизүү үчүн барган учурда, балдар бакчанын адиси 15 миң сом акча сурап жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Ош ШИИБде катталып, Жазык кодексинин 251-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 28-август күнү бала бакчанын адиси 15 миң сомду алып жаткан учурда кармалып, далил буюм катары алынган.

Бала бакчанын адиси 1986-жылы туулган жаран тергөө кызматына камсыздалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости