www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында батир берүүчү болуп, алдап кеткен шылуундар кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Ош шаарынын тургуну, 1997 – жылы туулган Ж.А. жана анын кылмыштуу шериги Ош шаарынын тургуну, 1993-жылы туулган М. М. кармалышты. Экөө теӊ мурда соттолушкандар.
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул кылмыштуу топ, Ош шаарынын аймагынан февраль-март айларында «убактылуу жашаганга батир беребиз» дешип, жарандарды алдашып, 6 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейинки акчаларын алдын ала алышып, изин жашырып жүрүшкөн. Батир издеген жарандарды түрдүү рекламалык сайттардан, гезиттерден табышып, өздөрү батир сунушташкан. Алдын ала акчасын алган соӊ, түрдүү даректерден ачкычты алууну айтышып, изин жашырып кетишкен. Мисалы, жабырлануучу бир аялдан 13 миӊ сом алган соӊ, «үйдүн ачкычын "Народный" дүкөнүндө иштеген сатуучуга берип койгондугун, барып алып, үйгө кире берээрин айтып, алдаган.
"Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу топтон жабыркаган 6 жабырлануучулардан арыз келип түшкөн. Шектүүлөр 7-мартта кармалышып убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Бул жарандардан жабыркагандар болсо төмөндөгү 102 жана 0554-41-02-02 телефондоруна байланышка чыгып коюуну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg