www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ош терминал" фитосанитардык текшерүү постунда Ирандан ташылып келе жаткан анардын партиясынан комсток курту (рseudococcus comstocki (kuwana) карантиндик зыяндуу организми аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, ташылып келе жаткан товардын салмагы 21,630 тоннаны түзгөн.

Ошондой эле 18 тонна кивиден тыт калканчасы (рseudaulacaspis pentagona (тargioni-Tozzetti) карантиндик зыяндуу организми табылып, аталган организмдер лабораторияга тапшырылган үлгүлөрдө аныкталган.

Бул жүктөрдүн карантиндик фитосанитардык актысына штамп басылып, сатууга жана колдонууга тыюу салынды.

Азыркы учурда расмий түрдө Ирандын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Кыргызстандын карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалып, расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости