www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун аймагында жарандарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Анда жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 127¹-беренесинин талабына ылайык, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынары эскертилди.
Белгилей кетсек, учурда коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга жогоруда айтылган жагдайлар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилүүдө.