www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ өкмөтүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча агенттиктин (DOGE) башчысы жана Вашингтон администрациясынын кеңешчиси Илон Маск президент Дональд Трамптан жооп катары киргизилген кошумча импорттук бажы төлөмдөрүн кайра карап чыгууну өтүндү. Бирок анын аракеттери майнапсыз болуп, ийгиликке жетише алган жок. Бул тууралуу The Washington Post (WP) гезити өз булактарына таянып билдирди.
Гезиттин маалыматына ылайык, Масктын АКШ өкмөтүнүн соода саясатына каршы чыгышы президент менен анын негизги кеңешчилеринин ортосундагы эң ири келишпестиктердин бири болуп калды. Мындан тышкары, ишкер жогорку даражалуу аткаминерлер менен мигранттарга берилүүчү визалар жана DOGE агенттигинин мамлекеттик чыгымдар боюнча саясаты тууралуу да пикир келишпестиктерге туш болгон.
WP басылмасы эске салгандай, ишемби күнү Маск АКШнын соода жана өндүрүш боюнча башкы кеңешчиси Питер Наваррону кескин сынга алган. Ал бажы төлөмдөрүнүн стратегиясын иштеп чыгууда негизги роль ойногон Наварро жөнүндө X социалдык тармагында: "Гарварддын экономика илимдеринин доктору – бул жакшы эмес, жаман", – деп жазган.
The Washington Post маалымдагандай, дем алыш күндөрү Маск Европа менен АКШнын ортосунда "эркин соода аймагын" түзүүнү кааларын билдирген. "Акырында, менин оюмча, Европа да, АКШ да нөлдүк тарифке өтүшү керек", – деп баса белгилеген ал. Масктын пикиринде, адамдар Европада да, АКШда да эркин жүрүп, каалаган өлкөсүндө иштей алышы керек. "Мен президентке дал ушундай кеңеш бердим", – деп кошумчалаган.