www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия коомдук талкууга Администрациялык-аймактык бирдиктердеги (калктуу конуштардагы) диний багыттагы объекттердин санынын чеги жөнүндө токтом долбоорун койду.

Ага ылайык, Кыргызстандын калктуу конуштарындагы диний багыттагы объекттердин санынын чеги аныкталат.

Долбоордун негиздеме кат бөлүгүндө баяндалгандай, комиссия 2021-жылы баштаган Кыргызстандын аймагында мурда курулган, бирок катталбаган диний объекттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча компаниянын жүрүшүндө каттоосу жок өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 644 объект аныкталган.

«Күн сайын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына диний объекттердин курулушун аяктоо үчүн финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуулардын агымы көбөйүүдө. Диний объекттерди кур калктын керектөөлөрүн объективдүү эсепке албастан жүргүзүлөт, көп учурда бир калктуу конушта 10го чейин диний багыттагы объекттер иштей алат, алар да бири-бирине жакын аралыкта жайгашкан.

Буга байланыштуу калктуу конуштардагы диний багыттагы объекттердин санынын чегин аныктоо зарылдыгы келип чыгууда», - деп айтылат документте.

Токтом менен сунушталып жаткан

талаптар:

- айылдарда диний багыттагы бир объекттен экинчи объектиге чейинки аралык 2000 метрден кем эмес радиуста болушу керек;

айыл аймактарында диний багыттагы бир объекттен экинчисине чейинки аралык 3000 метрден кем эмес радиуста болушу керек;

- шаарлардын райондорунда диний багыттагы бир объекттен экинчисине чейинки аралык 4000 метрден кем эмес радиуста болушу керек.

Долбоор жактырылган учурда ченем багыттагы объекттерге колдонулбайт.

Последние новости