www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында жөө адамдар өтүүчү жол чийинден басып бараткан аялды учура сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-апрелде Ленин көчөсүндө болгон.

Аял киши жөө өтмөктөн бара жатканда аны ылдам келе жаткан Hundai Grandieur унаасы сүзгөн. Шаардык милиция 34 жаштагы айдоочу кармалып, унаасы айып короого токтотулганын кабарлады. Ал эми 21 жаштагы жабырлануучу ооруканага дароо жеткирилген. Абалы жакшы экени кошумчаланды.

Последние новости