www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мьянманын мурдагы сулуулар ханышасы Сили Ми Мандалей шаарында жер титирөөдөн ураган имараттын алдында калып каза болду. Бул тууралуу британдык Need To Know басылмасы жазды.
"Сулуулар ханышасы Мьянмадагы жер титирөө учурунда баланы куткарууга аракет кылып жатып, урандынын алдында калган", — деп айтылат макалада.
28 жаштагы Сили Ми 2018-жылы "Мисс туризм Мьянма" наамын жеңип алган жана өлкөнү "Мисс туризм дүйнө" эл аралык сынагында тааныткан.
28-мартта Мьянмада 7,7 баллдык күчтүү жер титирөө катталып, анын толкуну беш коңшу өлкөгө чейин жеткен.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул кырсыктан каза болгондордун саны 3,6 миңден ашса, жаракат алгандардын саны 5 миңге чукулдады.