www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда «Канал-Янтарь жээги» аталышындагы эл аралык баңгизатка каршы операциянын алкагында мыйзамсыз баңгизат сатуу каналына бөгөт коюлду.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.
Тинтүү учурунда 1971-жылы туулган С.А.Ш. аттуу жарандын жанынан жалпы салмагы 400 грамм болгон фольгага оролгон үч таңгак ооган гашиши табылган.
Андан соң анын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүүдө дагы 2 грамм гашиш жана мыйзамсыз ишмердүүлүктөн алынган деп болжолдонгон 7 900 АКШ доллары алынган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган жарандын шериги катары 1973-жылы туулган Х.Д.Ш. аныкталып, анын үйүн тинтүү маалында дагы 492 грамм ооган гашиши табылган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.
Тергөөдө алынган баңгизаттын жалпы салмагы 894 граммды түзгөнү аныкталып, соттук-химиялык экспертиза дайындалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.