www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ооган гашишин таркатуу менен алектенген топтун ишин токтотту.

Министрликтин маалыматына ылайык, шектүүлөр узак убакыт бою баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип келишкен. Гашиштин ири партиясын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1995-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалган. Андан кийинки ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери анын шеригин аныкташкан. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, ал кармалган жаранды дайыма баңгизат менен камсыз кылып турган. Аталган адам 1975-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.М. болуп чыкты жана колго түшүрүлдү. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ооган тектүү гашиштин ири көлөмү табылып, алынды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөчүлөр кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн бар-жогун, ошондой эле баңгизаттарды жеткирүү каналдарын аныктоодо.

Последние новости