www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы ири маркеттерден уурулук жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан шаардагы ири маркеттерден уурулук жасап жүргөндүгү үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал Ош шаарында убактылуу жашаган 1994-жылы туулган Э.К. аттуу жаран.

Тергөө иштеринин жүрүшү боюнча алгачкы маалыматтарга ылайык, ал Ош шаарындагы ири маркеттерге кирип уурулук жасоого кынык алган. Бир нече ай аралыгында эле 11 ирет уурулук жасаган. Тагыраак айтканда шектүү аталган соода түйүндөрүнөн түрдүү буюмдарды (анын ичинде кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктер дагы бар) уурдап, жеке кызыкчылыгына пайдаланган.

Учурда шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости