www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы Увам каналына агып кеткен эки жаштагы кыздын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, наристенин сөөгү 3-август күнү саат 10:50 чамасында суудан чыгарылган. Кызды анын туугандары байкап калышкан. Андан соң куткаруучулар сөөгүн атасына өткөрүп беришкен.
Эске салсак, 2-август күнү 112 кызматына Ош шаарынын Өзгүр айылынын Арал көчөсү аркылуу өткөн Увам каналына 2024-жылы туулган кыз түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 106 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, ошондой эле кыздын 30 жакын тууганы тартылып, жалпы 176 адам катышкан.