www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 айга камалды

Ош шаарында 10-майдан 11-майга караган түнү көчөдө аялын сабаган 23 жаштагы жаран 3 айга камалды. Бул тууралуу  Ош облустук сотунан билдиришти.

Шаардык сот кечээ анын ишин карап, Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси боюнча (Үй-бүлөлүк зомбулук) күнөөлүү деп таап, сот залынан камакка алды.

Бул окуя боюнча видео интернетте тарагандан кийин милиция зомбулук жасаган жаранды тапкан. Аялы күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартып, анын сабалганы боюнча видеону таркаткан жарандарга каршы чара көрүү талабы менен милицияга арыз жазды.

Белгилей кетсек,үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаран 40 саатка коомдук иштерге тартылат,  же болбосо үчтөн жети суткага чейин камакка алынат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости