www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында жер алдындагы жылуулук түтүктөрүн жаңылоо башталат. 

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Курманжан Датка көчөсүнүн М. Нургазиев көчөсүнөн А. Асранкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактары алмаштырылат. Буга байланыштуу аталган жол тилкеси 30 күнгө убактылуу жабылат.

Шаар бийлиги тургундарды жана конокторду жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап алууга чакырып, жүргүзүлүп жаткан иштер кыш мезгилинде жылуулук системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталганын белгиледи.

Последние новости