www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Араван районунда жайгашкан май куюучу жайдын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Аталган объект боюнча жергиликтүү тургундар тарабынан буга чейин нааразычылыктар да айтылып келген. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Тактап айтканда, май куюучу жайдын колонкасынын коргоочу аймагы мыйзамдуу жер тилкесинен чыгып кеткендиги аныкталган. Бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузуу болуп эсептелет.
Натыйжада, башкармалыктын адистери тарабынан комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлдү. Объектинин ээси О.М.П. карата айып пул салынып, мыйзамдуу жер тилкесинен чыгып кеткен курулуш бөлүгү демонтаждалды. Ошондой эле мыйзам талаптарын жана курулуш ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандарды жана курулуш субъекттерин жер пайдаланууда жана курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.