www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто менчиктештирилип кеткен жер тилкелери аныкталды

Ош шаарында жер тилкелеринин мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ош шаарынын кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарын пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын көздөп, 55,36 гектар жерди «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына мыйзамсыз өткөрүп, мамлекетке зыян келтиришкен.

Мындан тышкары, 51,97 гектар айыл чарба багытындагы жерлер мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген. Корупция фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости